Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Италиялык белгилүү актёр жана режиссёр Микеле Плачидо Кыргызстандын аймагында жеке киностудиясын ачууну пландоодо. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолукканда билдирген.
Камчыбек Ташиев кинематография тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Плачидонун чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айткан.
Жолугушууда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Плачидонун Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалга катышуусу, ошондой эле Борбор Азиядагы туристтик борбор катары Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланды.
Микеле Плачидо - "Спрут" телесериалында Комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр. Ал ошондой эле "Три брата" (1981), "Связь через пиццерию" (1985) жана "Незнакомка" (2007) тасмаларындагы башкы эркектин ролу үчүн Италиянын башкы кино сыйлыгы болгон “Давид ди Донателлого” үч жолу көрсөтүлгөн.
Актер өлкөгө III Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн келген.