Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Италиялык агроном кыргыз дыйкандарына кулпунай өстүрүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларын айтып берди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дыйкандарга кулпунай өстүрүүнүн туура ыкмасы боюнча окутуу семинары өткөрүлүп, ага эл аралык селекционер-эксперт, Италиялык агроном Франко Зентинин катышты.
Семинардын жүрүшүндө ал тажрыйбасы менен бөлүшүп, ар кандай климаттык зоналарда кулпунайды өстүрүүнүн эң натыйжалуу тажрыйбалары жөнүндө айтып берди. Эксперттин презентациясы сортторду тандоо, кам көрүү, ооруларга жана зыянкечтерге каршы күрөшүү жана башка темаларды камтыды.
“Кыргызстанда бул тармакта зор потенциал бар. Бизде мөмөлөр үчүн идеалдуу климат бар. Бизге италиялыктар келип, аба-ырайына, анын ичинде кургак шамалга суктанышат. Алардын абасы нымдуу болгондуктан фунгициддерди колдонушу керек, бул мөмөлөргө белгилүү бир химиялык жүктү берет. Албетте, кургак климатта да зыянкечтер бар, алар менен да күрөшүү зарыл. Бүгүнкү күндө негизги сатуу рыногу — Орусия жана Казакстан, бирок рынокту кеңейтүү боюнча кызуу иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз мөмөлөрүн Монголияга, Катарга, БАЭге, Японияга, Кытайга, АКШга, Кореяга, Индияга жана Евросоюз өлкөлөрүнө жеткирүүнү баштоо пландаштырылууда”, – деп белгиледи министрликтин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов.4
Белгилей кетсек, иш-чарада катышуучулар кулпунай өстүрүүнүн жаңы технологияларын жана туура ыкмасын колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты, ошондой эле экспертке суроолорду берүүгө, көйгөйлөрдү талкуулоого жана өз чарбаларында ишке ашырууга боло турган чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк алышты.
"Семинар “Кулпунай Кыргызстан” компаниясы менен биргеликте өткөрүлдү. Семинарга өлкөнүн бардык аймактарынан фермерлер чогулду",-деп айтылат маалыматта.