Италияда таштандыдан 1 млн евролук лотерея билети табылды

Дүйнө 6 август 2026 09:20
Италияда таштандыдан 1 млн евролук лотерея билети табылды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Италияда лотерея утуп алган аялга таштанды чогултуучулар 1 млн евролук билетин таап беришти, деп билдирди Коммерсант гезити.

Маалыматка ылайык, лотерея ойнотулгандан кийин билет ээси аны атайын машинада текшерүү үчүн жергиликтүү дүкөнгө барган. Машина билет "төлөнбөй турганын" көрсөткөн, анткени чакан ишканалар аз өлчөмдөгү утуштарды гана төлөй алышат. Билеттин утушу жок деп ойлоп аял аны ыргытып жиберген. Кийинчерээк ал өзүнүн номерлеринин айкалышы 1 млн евро утуп алганын билген.

Андан соң ал таштанды жайдан билетин таап берүүнү суранган. Жумушчулар бир күндөн ашык убакыт издеп, акыры билетти табышкан.