Кышкы Олимпиада оюндары. Италияда медалдардын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Спорт Загрузка... 16 Июль 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-07-16 at 11.06.08.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Эл аралык Олимпиада комитети 2026-жылдагы кышкы Олимпиада жана Паралимдиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө тапшырыла турган медалдардын үлгүлөрүн көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун olympics.com сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, Олимпиада-2026 мелдешинде 116 медалдардын топтому ойнотулат. Мында Пекинде өткөн кышкы Олимпиада оюндарына караганда медалдардын топтому жетиге көп.

Кышкы Олимпиада оюндары – 2026 Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында 6-февралдан 22-февралга чейин болот. Таймаштар спорттун 16 түрү боюнча уюштурулат.

Оюндардын медалдары Milano Cortina 2026 дизайнерлер тобу тарабынан иштелип чыккан. Анда дүйнөдөгү спортчулардын чечкиндүүлүгү жана шыктануусу, олимпиадалык жана паралимпиадалык дух чагылдырылган. Дизайнда Милан жана Кортина деген эки шаардын биримдигин гана эмес, жеңиштин духун жана ага жетүү үчүн талап кылынган күч-аракет символдоштурулган. Медалдар олимпиадалык жана паралимпиадалык баалуулуктар менен бириктирилген эки бөлүктөн турат, алар спортчунун сапарынын туу чокусун жана аны менен бирге ошол жолдо болгондордун баарын көрсөтөт.

Медалдарды Италиянын Мамлекеттик монета жана полиграфия институту өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды кайра иштеткенден пайда болгон металлдан жасайт. Алар кайра жаралуучу энергия менен иштеген индукциялык мештерде кургатылат. Пластикти минималдуу колдонуу менен экологиялык таза таңгактар пайдаланылат.