Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Италия агрардык секторду техникалык жактан жаңылоо жана айыл чарба техникасын биргелешип өндүрүү багытында кызматташат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик менен Италиянын Айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясынын (FederUnacoma) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

"Документтин негизги максаты айыл чарбасын механикалаштыруу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана агроөнөр жай комплексин модернизациялоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар агрардык тармакты санариптештирүү жана эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, аталган иш-чаранын алкагында КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Италиянын FederUnacoma федерациясынын ортосунда да өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул кадам жеке сектордогу өнөктөштүктү жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө кошумча негиз түзөт.