Испанияда ири суу ташкынынан улам аскерлер тартылууда

Дүйнө
Испанияда ири суу ташкынынан улам аскерлер тартылууда

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. Испаниянын чыгышындагы Валенсия автономиялык коомчулугунун айрым провинцияларында нөшөрлүү жаанга байланыштуу аба ырайынын кооптуулугунун эң жогорку — кызыл деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаандан улам суу ташкындары жүрүп, дарыялардын деңгээли көтөрүлгөн.

Испаниянын мамлекеттик метеорологиялык агенттиги өлкөнүн бир катар аймактарында аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу эскертүү таратты. Көпчүлүк аймактарда сары жана кызгылт сары деңгээлдер жарыяланса, Валенсияда кооптуулуктун эң жогорку деңгээли киргизилди.

Аба ырайынын начарлашынан улам 100 миңге жакын окуучу мектептерде салттуу форматта билим ала албай калды. Аймактык бийлик бир катар калктуу конуштардын тургундарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырды. Ошондой эле жаандан улам айрым жолдордо кыймыл чектелип, бир катар өзгөчө кырдаалдар катталган.

Кырдаалга байланыштуу жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар кызматтарына жардам берүү үчүн аскер кызматкерлерин тартуу чечими кабыл алынды.

Нөшөрлүү жаан Каталония автономиялык коомчулугуна жана Балеар аралдарына да таасирин тийгизди.