Ислам шериктештиги оюндары. Карачов капчыкты дагы бир алтын менен толуктады

Спорт 21 Ноябрь 2025 09:26
587288740_18380978587196946_4360720857022784027_n.jpg
587480423_18380978596196946_7329574291670707047_n.jpg
Алдыга
Артка
587288740_18380978587196946_4360720857022784027_n.jpg
587480423_18380978596196946_7329574291670707047_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Абдымалик Карачов эркин күрөш боюнча VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандык балбан 57 кг салмак категориясында күч сынашты. Ал алгачкы беттештеринде Олимпиада оюндарынын жана 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди, ошондой эле гвинеялык Мохамед Камараны жеңип, турнирдин финалына чыккан.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште 2025-жылкы Европа чемпионатынын коло байге ээси, азербайжандык Ислам Базаргановду 9:3 эсеби менен жеңип, Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль багындырды.

Белгилей кетсек, аталган оюндар ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.