Ислам шериктештиги оюндары. Балбан Раззак Бейшекеев коло медаль утту

Спорт 19 ноябрь 2025 15:30
Ислам шериктештиги оюндары. Балбан Раззак Бейшекеев коло медаль утту
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. VI Ислам шериктештиги оюндарында кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жатат.

Ал 67 кг салмак категориясындагы таймашта 3-орун үчүн болгон беттеште Египеттин балбаны Мохамед Абдельрехимди 9:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.