Балбан Раззак Бейшекеев Польшадагы турнирде алтын медаль утту

Спорт 28 август 2026 10:25
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Польшада өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти.

67 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Норвегиянын өкүлү Хаавард Йоргенсенди 2:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Ал буга чейин Бейшекеев турнирде үч беттеш өткөрүп, катары менен жеңишке жеткен.