Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды

Спорт 30 сентябрь 2026 15:45
Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды
copyright icon WWW

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде катарлык Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Бирок, жарым финалда өзбекстандык Айтжан Халмахановго 0:5 эсебинде утулуп калган.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште Бейшекеев кытайлык Ленг Жини 5:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын байге ээси болду.