Азия оюндары: Балбан Жоламан Шаршенбеков финалда

Спорт 1 октябрь 2026 09:45
Азия оюндары: Балбан Жоламан Шаршенбеков финалда
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдештин финалына чыкты.

Балбан 60 кг салмакта күч сынашууда. Ал мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач түштүк кореялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңген. Андан соң чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 8:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда кыргызстандык балбан Ирактан келген атаандашын 40 секундда 10:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда финалга жолдомо алды.

Эми Шаршенбеков Азия оюндарынын алтын медалы үчүн күрөшөт.