Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 87 кг чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде, жарым финалда Казакстандын балбаны Шамил Ожаевди 6:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Чечүүчү беттеште Асан Жанышов алтын медаль үчүн Япониянын өкүлү Тайзо Ёшида менен күрөшөт.