Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. VI Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан Асан Жанышов коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жатат.
Кыргыз балбаны 87 кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбаны Ислам Аббасовду 9:0 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.