Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал мелдешке 53 кг салмак категориясында катышууда.
3-орун үчүн болгон беттеште Индонезия мамлекетинин балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.