Ислам шериктештиги оюндары. Айпери Медет кызы алтын утту

Спорт 21 Ноябрь 2025 08:50
583974423_18381001141196946_3266174630027809845_n.jpg
583337889_18381001153196946_8558973861131318650_n.jpg
586676758_18381001144196946_1382194447990903186_n.jpg
Алдыга
Артка
583974423_18381001141196946_3266174630027809845_n.jpg
583337889_18381001153196946_8558973861131318650_n.jpg
586676758_18381001144196946_1382194447990903186_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан алгачкы беттештеринде казакстандык Элмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Элмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңди.

Ал эми финалдык чечүүчү беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, аталган оюндар ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.