Искендер Асылкулов Кытайдан келген бизнес-делегация менен жолукту

Экономика Загрузка... 28 Июнь 2025 15:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Чунцин шаарынан келген бизнес-делегация менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, кытайлык делегациянын сапары Кыргызстандын Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Делегациянын курамында Чунцин шаарындагы 30дан ашуун ири компаниялардын жана тармактык бирикмелердин өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Алардын катарында инвестициялык долбоорлор, туризм тармагын өнүктүрүү, экспортту кеңейтүү жана өнөр жай менен инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери бар.

Кытай тарап энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен катар туризмди өнүктүрүү жана кытайлык туристтерди тартууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна экспортун кеңейтүү жана энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.