Иштеп жаттык. Кайсы өлкө башчылары кечиккени үчүн кечирим сурады?

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 13:10

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Күн мурун “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн этномаданий программа уюштурулду.

Меймандарды президент Садыр Жапаров өзү тосуп алып, өлкө башчылар жагымдуу маанайда баарлашты.

Алардын ичинен Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко жана Россиянын президенти Владимир Путин бир аз кечигип келишкен.

Жылуу маанайда учурашкан өлкө башчылар, президент Садыр Жапаровдон “иштеп жаттык” деп кечирим сурашкан.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров жылмаюу менен “туура, иштеш керек” деген жооп айткан.

Жогорку даражалуу коноктор “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен таанышты. Иш-чаранын алкагында боз үйлөр, улуттук тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү жана мүчө-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин меймандостугунун символу катары улуттук музыкалык аспаптар жана колго жасалган паннолорду белекке тартуу кылды.

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенкого улуттук аспап добулбас жана сыбызгы белекке берилсе, Россиянын президенти Владимир Путинге комуз тартууланган.