Ишкерлерге Wildberries маркетплейсине чыгуу талаптары түшүндүрүлдү — Кабар

Ишкерлерге Wildberries маркетплейсине чыгуу талаптары түшүндүрүлдү

Экономика 19 ноябрь 2025 17:23
582555055_18074822981343965_2343714312949393915_n.jpg
582403716_18074823005343965_5565843466393336624_n.jpg
584343118_18074823002343965_4591229240092345192_n.jpg
584361736_18074822957343965_1903786932013660936_n.jpg
585095671_1177094917845477_484244898258623335_n.jpg
Алдыга
Артка
582555055_18074822981343965_2343714312949393915_n.jpg
582403716_18074823005343965_5565843466393336624_n.jpg
584343118_18074823002343965_4591229240092345192_n.jpg
584361736_18074822957343965_1903786932013660936_n.jpg
585095671_1177094917845477_484244898258623335_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында "Кыргыз Экспорт" борбору тигүү жана текстиль ишканалары үчүн диалог аянтчасын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда тигүү тармагынын өкүлдөрү кыргыз продукциясын Россиянын аймагына киргизүүдө, ошондой эле Wildberries маркетплейсине чыгууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Wildberries`тин өкүлдөрү аянтчага чыгуу талаптарын, документтер, маркировка, сертификация жана логистика менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрүштү.

Тараптар түзүлгөн кырдаалдан тез арада чыгуу жолдорун, тоскоолдуктарды жоюу чараларын жана продукциянын тышкы рынокторго тез чыгуу шарттарын талкуулашты.

Ошондой эле тигүү тармагынын өкүлдөрүнө "Кыргыз Экспорт" борбору жылдын аягына чейин ишкерлер үчүн бир катар окутуу иш-чараларын өткөрө турганы маалымдалып, окуудан калбай, активдүү катышууга чакырышты.

Белгиленгендей, иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын, Стандартташтыруу жана метрология борборунун, "Альфа Телеком" ЖАКтын, Соода-өнөр жай палатасынын жана тиешелүү ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.