Ишкерлерге 2% менен жеңилдетилген насыя берилүүдө. Кайда кайрылуу керек?

Экономика Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 17:20
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлер бизнести өнүктүрүүгө, жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө жана иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКтан билдиришти.

Насыя алуучулар катары жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле даяр стартап-долбоору бар жарандар катыша алышат. Каржылоо экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталат. Алардын катарына туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактары кирет.

Маалыматка ылайык, бюджеттик насыя алуу үчүн ишкерлер компаниянын облустук өкүлчүлүктөрүнө кайрылып, белгиленген талаптарга ылайык документтерди толук тапшырышы керек.

Программанын шарттарына ылайык:

  • насыянын көлөмү 20 млн сомго чейин;
  • мөөнөтү 10 жылга чейин;
  • пайыздык чени жылына 2 пайызды түзөт;
  • долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша негизги карызды төлөөгө 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралышы мүмкүн.
2

Насыя алуу үчүн негизги шарттардын бири – жеке салымдын жана ликвиддүү күрөө мүлкүнүн болушу.

Стартап-долбоорлор үчүн талапкер суралган насыянын жалпы суммасынын кеминде 30 пайыз өлчөмүндө өз каражаты банк эсебинде бар экенин, ал эми иштеп жаткан бизнес үчүн кеминде 10 пайызын өз салымын ырасташы керек.

Долбоорлорду кароодо анын экономикалык натыйжалуулугу, ишке ашыруу мөөнөтү, өзүн актоо мүмкүнчүлүгү, инвестициянын көлөмү жана түзүлө турган жумуш орундардын саны эске алынат.

Аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө, ишканаларды жаңылоого, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорго артыкчылык берилет.

Насыя алуу үчүн ишкер төмөнкү маалыматтарды камтыган бизнес-план даярдоого тийиш:

  • долбоордун толук сүрөттөлүшү;
  • инвестициянын көлөмү жана мөөнөтү;
  • ишке ашыруу жана өзүн актоо мөөнөтү;
  • түзүлө турган жумуш орундар;
  • чыгымдардын түзүмү.

Мындан тышкары, каттоо документтери, каржылык отчеттор, өз салымын жана күрөө мүлкүн ырастаган документтер талап кылынат.

Документтердин толук пакети тапшырылгандан кийин арыз 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Анын жыйынтыгында насыя берүү же баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.

Насыя жактырылган учурда алуучу мамлекеттик банктардын биринде эсеп ачып, насыя жана күрөө келишимдерин түзөт. Бардык процедуралар бүткөндөн кийин каражаттар Финансы министрлигинин Казыналыгы аркылуу алуучунун эсебине которулат.

Насыя берилбеген багыттар

Каржылоо төмөнкү долбоорлорго каралбайт:

  • Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылган долбоорлорго;
  • имарат жана жер тилкелерин сатып алууга;
  • эмгек акы төлөөгө;
  • мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы долбоорлорго;
  • мурда алынган насыяларды кайра каржылоого;
  • программанын шарттарына кирбеген башка ишмердиктерге.

Толук маалымат, талап кылынган документтердин тизмеси жана арыз берүү тартиби "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКтын расмий сайтында жайгаштырылган.

3

Юридикалык жактар үчүн негизги документтердин тизмеси:

  1. Долбоордун толук баяны, экономикалык негиздемеси, инвестиция көлөмү, ишке ашыруу мөөнөтү, жумуш орундар, өзүн актоо мөөнөтү, күрөө камсыздоосу жана чыгымдардын түзүмү көрсөтүлгөн бизнес-план.
  2. Каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (устав, каттоо күбөлүгү, лицензия ж.б.).
  3. Жетекчинин паспортунун көчүрмөсү жана кызматка дайындоо тууралуу буйрук.
  4. Акыркы 3 жылдагы каржылык отчеттор жана киреше тууралуу декларация.
  5. Кошумча кирешелерди ырастаган документтер.
  6. Салык кызматы жана Социалдык фонд алдындагы карыздын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат.
  7. Финансы-кредиттик уюмдар алдындагы карыз тууралуу маалымкат.
  8. Насыя алуу жана күрөө коюу боюнча уюштуруучулардын чечими.
  9. Күрөөгө коюлуучу мүлккө болгон укукту ырастаган документтер.
  10. Күрөө берүүчүнүн жубайынын нотариалдык макулдугу же үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат.
  11. Мүлктүн күрөөдө же чектөөдө эместиги тууралуу маалымкат.
  12. Иш жүргүзүүгө керектүү лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер.
  13. Стартап-долбоорлор үчүн - насыянын жалпы суммасынын кеминде 30% өлчөмүндө өз каражатынын болушу.
  14. Иштеп жаткан бизнести кеңейтүү же жаңылоо үчүн - насыянын жалпы суммасынын кеминде 10% өлчөмүндө өз салымынын болушу.

Белгилей кетсек, бул программа президенттин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргызстандын аймактарын экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун негизинде бюджеттик насыялар жылдык 2 пайыз үстөк чен менен берилет.