Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге айып салды.
Ведомстводон билдиришкендей, жүргүзүлгөн текшерүүдө Ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлери ишкердик субъекттерине негизсиз жогорку тобокелдик даражаларын белгилеп, мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган. Натыйжада аталган кызматтын Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Ата райондук башкармалыктарынын жетекчилерине 10 миң сомдон айып пул салынды.
Мындан сырткары, мыйзам бузууларды жоюу боюнча киргизилген сунуштамалардын негизинде Ветеринардык кызматтын директору жана башкы инспектору тартиптик жоопкерчиликке тартылышты.