Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишкерлерден арыз-даттануу иретинде келип түшкөн 271 арыз каралды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Чынарбек Аалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ишкерлердин арыз даттануулар менен кайрылган учурлары бар, бирок ишкерлер кайрылганга чейин прокуратура органдары өздөрү көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшөт.
“Бизге ишкерлер арыз-даттануулар менен кайрылган учурлар бар. Бирок, ишкерлер кайрылганга чейин прокуратура органдары өзүбүз көзөмөл иштерин жүргүзөбүз. Ар бир арыз-даттануу дыкат каралып мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө. Алсак, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 271 кайрылуу каралып, анын жыйынтыгында 80 кайрылуу канааттандырылган. Ал эми 11 кайрылууга канааттандыруудан баш тартылып, 139 кайрылуу боюнча түшүндүрмө берилген”,- деди Аалиев.
Ошондой эле ал ишкерлердин укугун коргоо багытында Башкы прокуратура тарабынан иш аракеттер жана тажрыйбалар болуп жаткандыгы кошумчалады.