Ишкерлер фискалдык программалык камсыздоо боюнча окутуудан өттү

Коом 3 октябрь 2025 14:22
557740103_1091238739848099_2121306745408863210_n.jpg
557536721_1091238749848098_3516648607901354482_n.jpg
556875061_1091238706514769_6507293348781691535_n.jpg
556925642_1091238716514768_7034986955279204188_n.jpg
Алдыга
Артка
557740103_1091238739848099_2121306745408863210_n.jpg
557536721_1091238749848098_3516648607901354482_n.jpg
556875061_1091238706514769_6507293348781691535_n.jpg
556925642_1091238716514768_7034986955279204188_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бишкек, Ош жана Манас аймактарындагы коомдук тамактануу тармагынын ишкерлерлерине фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында окутуу өткөрүлдү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, окутууда ишкерлер фискалдык программалык камсыздоонун негизги өзгөчөлүктөрү, анын иштөө принциби, салыктык жана бухгалтердик эсепке алуудагы ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.

Эске салсак, фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып коомдук тамактануу тармагында, ал эми 1-октябрынан баштап мейманканаларда ишке кирди. Ошондой эле, долбоор 2026-жылдын 1-февралынан тартып май куюучу станцияларда колдонууга киргизилет.

Фискалдык программалык камсыздоо – бул салык төлөөчүлөрдүн ички эсепке алуу системасы болуп саналат. Ал салыктык жана бухгалтердик эсепке алууну автоматташтыруу менен бирге бизнес процесстерди жеңилдетет.

Ал салык кызматынын системаларына түздөн-түз интеграцияланып, сатуулар тууралуу маалыматты берүүгө жана эсептик системанын өзүнөн эле ККМ чек түзүүгө мүмкүндүк берет.

Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү менен салыктык отчеттуулуктун сапатын жогорулатуу жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатын көздөйт.