Ишкерлер үчүн маанилүү: Салык режимин кантип өзгөртүү керек?

Экономика Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 10:10
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге ишкердикти каттоодо туура эмес тандалган салык режимин өзгөртүү тартиби тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ишкер мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде арыз берүү аркылуу тандаган салык режимин өзгөртө алат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин салык режимин жалпы тартипте гана алмаштырууга мүмкүн болот.

Арызды салык органына барбастан эле Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн тапшырууга шарт түзүлгөн.

Салык кызматы ишкерлерди электрондук кызматтарды колдонуп, убакытты үнөмдөө менен бизнесин натыйжалуу башкарууга чакырды.