Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Ишкерди кыйноого алган УКМК кызматкерлерине Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен кылмыш иши козголду.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде жеке ишкер Р.Ч. акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кабыл алуусунда болуп, укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын февраль айында УКМК тарабынан ага карата кылмыш иши козголгон. Комитеттин имаратында сурак берүү учурунда атайын кызматтын 9 кызматкери аны ур-токмокко алып, натыйжада ишкердин кабыргасы сынган.
Жабырлануучу кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок көзөмөл органы ден соолукка келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок деген жүйөө менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Мындан улам, ишкер акыйкатчыдан кыйноо фактысы боюнча укугун коргоп берүүнү гана эмес, тергөө органдары мыйзамсыз алып койгон автоунаасы менен паспортун кайтарып алууга көмөктөшүүнү суранган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Конституцияга жана эл аралык ченемдерге ылайык, эч ким кыйноого же адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болбошу керектигин баса белгилеп, Акыйкатчы институту дароо Башкы прокуратурага буга чейинки баш тартуу чечимин кайра карап чыгуу сунушу менен расмий кат жолдогон.
Акыйкатчынын катынын негизинде Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2026-жылдын 18-майында Аскер прокуратурасы тарабынан УКМК кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу”) боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.