Соңку жылдары Кыргызстандын ар кандай продукциялары дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттолууда. Айрыкча айыл чарба товарларына, анын ичинде фасоль, кургатылган жемиштер, бал жана дары чөптөргө суроо-талап өсүп жатат. Европа, Азия өлкөлөрү кыргыз продукциясына кызыгуусун артып, туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Бул Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана эл аралык стандарттарга шайкеш продукция чыгарууга түрткү болууда. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги кыргыз фасолун Европа өлкөлөрүнө экспорттоп жаткан, “АБАДА Трейд” компаниясынын директору Камбар Маатказиев менен маектешти.

- Компания фасоль экспортун канчанчы жылдан бери ишке ашырып келет?
- Биз продукцияларыбызды Болгария, Сербия, Македония, Косово, Россия, Беларусь, Иран, Ирак жана Түркия сыяктуу өлкөлөргө экспорттойбуз. Бул өлкөлөр аркылуу биздин фасоль Германияга да жөнөтүлөт. Фасоль экспорттоо менен алектенип жатканыбызга 20 жылдан ашты. Мурун Кыргызстанда түрдүү түстөгү фасоль көп өстүрүлчү. Азыр болсо негизинен ак жана кызыл фасоль экспорттолууда. Тилекке каршы, соңку жылдары фасоль өндүрүүнүн көлөмү азайып жатат. Биз алгач бир катар эл аралык көргөзмөлөргө катышып, ошолор аркылуу өз продукциябызды чет өлкөлүк кардарларга тааныттык. Учурда Германиянын өзүнө түз экспорт уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча түз жеткирүү жок, бирок жыл сайын Германияда өтүүчү “Anuga” көргөзмөсүнө катышып келебиз. Ал жерде продукцияларыбызга болгон чоң кызыгуу байкалат. Фасоль негизинен Талас облусунда өстүрүлөт. Азыр жылына орто эсеп менен 50 – 60 миң гектар жерге себилүүдө. Мурун бул көрсөткүч 100 миң гектарга жетчү. Биз азыр фасолдун сапаттуу сортторун алып келип, кайра көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Кыргызстан фасоль өндүрүү жана экспорттоо боюнча чоң потенциалга ээ. Европалыктар фасольду күнүмдүк рационунун негизги бөлүгү катары колдонушат. Ошондуктан биздин продукцияга суроо-талап дайыма жогору бойдон калууда.

- Аталган өлкөлөрдөн кандай талаптар коюлат?
- Эл аралык рынокко чыгуу үчүн ар кандай сертификаттар талап кылынат? Учурда Кыргызстанда мындай сертификаттарды берүүчү компаниялар аз болгондуктан, бул багытта кээ бир кыйынчылыктар бар. Ошентсе да, акыркы жылдары бул маселеде оң өзгөрүүлөр байкалууда. Биздин продукциялар бардык коюлган талаптарга жооп берет, ошондуктан сапат жагынан көйгөй жок деп айта алабыз.
- Жогоруда белгиленген өлкөлөрдө эмне үчүн кыргыз фасолуна суроо-талап жогору?
- Биринчиден, биздин продукция экологиялык жактан таза. Биз өстүргөн фасолду керектөөчүлөр абдан жакшы көрүшөт. Көп учурда "даамы мыкты" деп баалап, кайра-кайра буйрутма беришет. Биз нанды кандай жесек, алар фасолду ошондой эле жешет. Ошондуктан биздин фасол чет өлкөлөрдө өзгөчө бааланат.

- Логистикалык процесстер кандай жол менен ишке ашат? Кандай кыйынчылыктарга туш болосуздар?
- Фасолду Европа өлкөлөрүнө негизинен жүк ташуучу унаалар аркылуу жеткиребиз. Кыйынчылыктардын бири — транспорт чыгымдарынын кымбаттыгы. Айрыкча сезон учурунда жүк ташуунун баасы өтө кымбаттап, 5–7 миң долларга чейин жеткен учурлар болот. Бир унаа орто эсеп менен 22 тонна фасоль ташый алат. Бул бааларды башка өлкөлөр менен салыштырганда, бизде алда канча жогору. Мисалы, Аргентина, Египет, Канада сыяктуу өлкөлөр да фасоль өстүрүшөт жана алар өз продукциясын деңиз аркылуу жеткиришет. Деңиз аркылуу жеткирүү арзаныраак болгондуктан, алар үчүн логистикалык чыгымдар төмөн. Тилекке каршы, Кыргызстанда деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бул багытта кыйынчылыктар жаралууда.

- Фасоль өндүрүүнү жана экспортту көбөйтүү үчүн кандай иш-чаралар жасалышы керек?Дагы кайсы өлкөлөргө экпорттоо пландалууда?
- Жогоруда белгилеп өткөндөй, фасолдун сортторун көбөйтүү зарыл. Бул үчүн Айыл чарба министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлсө жакшы болот эле. Эгер фасолдун жаңы, сапаттуу уруктарын алып келе алсак, бул өндүрүмдүүлүктү арттырууга чоң өбөлгө болмок. Учурда сапаттуу уруктардын баасы кымбат болгондуктан, аларды алып келип, жергиликтүү дыйкандарга таратып берүү да пайдалуу болмок. Анткени, биздин фасолго Европа өлкөлөрүнөн тышкары Индия жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн да суроо-талап жогорулап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, фасоль өндүрүүнү кеңейтүү маанилүү.