Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-мартта саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
- темир жол тилкеси - М. Фрунзе көчөсү-Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү;
- темир жол тилкеси - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү - Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү - 7-апрель көчөсү.

Белгилей кетсек, суу "Көк-Жар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат",-деп айтылат маалыматта.