Ири инвесторлор президенттин жана минкаб төрагасынын жеке көзөмөлүндө

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 17:25
756333602082256.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ири инвесторлорду жеке кабыл алып, алардын талаптарын угуп, өз талаптарыбызды да билдирем. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастка" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, инвесторлордун көпчүлүгү президент Садыр Жапаровдун да жеке көзөмөлүндө турат.

"Эгер кимдир бирөөдөн бир эле даттануу түшсө, ал кызматкер дароо кызматынан бошотулат", – деди Касымалиев.

Журналисттин инвесторлор көбүнчө эмнени сурай турганы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, минкаб төрагасы алардын биринчи кезекте жер канча жылга берилерин, канча каражат салуу керектигин жана кандай жеңилдиктер караларын тактап билишерин айтты. Анткени инвесторлор бардык эсеп-кысаптарын алдын ала жүргүзүшөт.

"Мисалы, инвестор 100 млн доллар салып, завод курууну пландап жатса, салган каражатын 10 жыл ичинде кайтарып, андан кийин киреше алууну көздөйт. Ал эми ири ГЭСтерди же күн электр станцияларын курууда инвестор алгач кеткен чыгымдарын актап, киреше ала баштагандан кийин объектти Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Мындан тышкары, курулуш учурунда станокторду жана башка жабдууларды алып келүүдө инвесторлор кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотууну суранышат. Биз мындай сунуштарга дайыма даярбыз, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ушундай ыкма колдонулат. Анткени курулуш этабында инвестор киреше албайт, тескерисинче чыгым тартат. Салыктар долбоор киреше бере баштаганда гана алынат. Бирок кызматкерлердин айлыгынан алынуучу киреше салыгы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча эч качан жеңилдик берилбейт", – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан эл аралык аренада өнүгүү темпин көрсөтүп, өзүнүн аброюн жогорулатканын кошумчалады. Инвесторлор өлкөгө келип, жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп, Кыргызстанга ишеним артып жатышат.

Анын айтымында, өлкөгө болгон ишеним кыйла өстү жана учурда миллиарддаган долларлык келишимдер менен бекемделген долбоорлор ишке ашырылууда.