Ирандын биринчи вице-президенти Кыргызстанга келди — Кабар

Ирандын биринчи вице-президенти Кыргызстанга келди

Саясат 14 август 2025 22:29
689ded58037d3.jpeg
689ded5d73afe.jpeg
689ded57d97dd.jpeg
689ded4c4da81.jpeg
689ded48b976a.jpeg
689ded42df3d9.jpeg
689ded3eb45f0.jpeg
Алдыга
Артка
689ded58037d3.jpeg
689ded5d73afe.jpeg
689ded57d97dd.jpeg
689ded4c4da81.jpeg
689ded48b976a.jpeg
689ded42df3d9.jpeg
689ded3eb45f0.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди.

Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.