ТИМ: Ирандан 28 кыргызстандык эвакуациялынды

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 12:55
upload-2025-06-15T0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Ирандан 28 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду.

Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 28 жараны Иран менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин "Астара" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү кесип өттү.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирет",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.