Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат

Коом 3 июнь 2025 12:12
Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи үч айга жеңилдиктер берилет. Бул убакытта жаран киреше булагын таап, маселесин чечип алса болот.

“Эгерде үч айдын ичинде мындай мүмкүнчүлүк таба албаса, анда биз жарандын батирин кичирээк аянтты ээлегенине алмаштырганга сунуштарды айтабыз”, - деди МИКтин төрагасынын орун басары.