Ипотекалык үйлөр Баткендеги турак жай тартыштыгын кескин азайтат

Аймак 03 Июнь 2026 11:50
6a1ed9046e677.jpeg
6a1ed908915e5 (1).jpeg
Алдыга
Артка
6a1ed9046e677.jpeg
6a1ed908915e5 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Иш сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Шаар калкына акыркы жолу 2011-жылы турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Дээрлик 15 жылдан бери турак жай жерине муктаждардын саны өсүп кеткен. Азыркы учурда Баткен шаарынын мэриясына 5345 адам турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылган. Бул көрсөткүч калктын 16,5%ын түзөт.

Жогорудагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен шаар аймагындагы турак жайга муктаж жарандардын саны кескин азаяры күтүлөт.