Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана мамлекеттик уюлдук байланыш MEGA оператору өлкөнүн инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ өлкөдө инвестициялык чөйрөнү түзүү максатында кызматташууну, маалымат алмашууну жана консультацияларды жүргүзүүнү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону карайт.
Меморандумга кол коюу мамлекеттик институттардын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзө турган инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө шарт түзөт.