Жаңы ишканалардын ачылышы, жумуш орундардын түзүлүшү, заманбап технологиялардын кириши жана өндүрүш көлөмүнүн өсүшү — акыркы жылдары Кыргызстанга тартылган чет элдик инвестициялардын негизги натыйжаларынын бири. Бүгүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы ишканалар иштеп, экономиканын өнүгүшүнө, жергиликтүү өндүрүштүн кеңейишине жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.
Мурда пайдаланылбай келген айрым жерлер бүгүн өндүрүш аянттарына айланып, экономикалык активдүүлүккө тартылууда. Чет элдик инвестициянын эсебинен курулган ишканалар жерди жөн гана пайдаланбастан, өндүрүш түзүп, жумуш орундарын ачып, ошол аймактын өнүгүшүнө өз салымын кошууда.
Баткенде инвестициянын натыйжасы: салык, жумуш орун жана социалдык долбоорлор
Чет элдик инвестициянын аймактардагы таасирин Баткен облусунун мисалынан көрүүгө болот. Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурда аймакта чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусунда 10 ишкана толук кандуу өндүрүштүк жана чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мындан тышкары, 5 инвестициялык долбоор боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Алардын экономикалык салымы салык төлөмдөрү аркылуу да көрүнүүдө. Алардан түшкөн салыктардын көлөмү төмөндөгүдөй:
- 2025-жылы чет өлкөлүк инвесторлор катышкан ишканалар тарабынан 40 млн 119 миң 367,7 сом салык төлөнгөн;
- 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 49 млн 177 миң 279,82 сом салык түшкөн.
Мындан тышкары, аталган ишканаларда жалпы 326 туруктуу жумуш орду түзүлгөн.
Инвестициянын маанилүү багыттарынын бири – жергиликтүү коомчулуктарды колдоо. Мисалы, “Чаувай-Кен” ЖЧКсы тарабынан Чаувай айылын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ал эми “У Лин Групп” ЖЧКсы социалдык долбоордун алкагында №8 И. Бектемиров атындагы мектептин курулушуна 165 млн сом каражат бөлгөн.

Лейлектеги өндүрүш: жергиликтүү кадрлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк
Инвестициялык долбоорлордун бири – Баткен облусундагы “Автоклавдык газоблок Лейлек” заводу. Бул ишкана Кыргызстандагы ири курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордун бири болуп саналат. Учурда завод мамлекеттик ипотекалык компанияга жана жергиликтүү калкка продукция жеткирип, ички рынокту камсыздоого салым кошууда.
Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу күнүнө 1200 куб метр газоблок чыгарууга жетет.
Заводдун технологу Бекболот Орозалиев Россиянын Кемерово шаарындагы Тоо-кен институтун аяктап, учурда мекенинде инженер-технолог болуп эмгектенүүдө.

Анын негизги милдети – чыгарылган продукциянын сапатын көзөмөлдөө жана лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзүү.
“Биз чыгарылган продукциянын сапатына жооп беребиз. Ар бир партия лабораториядан өткөрүлүп, талаптарга ылайык текшерилет”, – дейт Бекболот Орозалиев.
Анын айтымында, мындай өндүрүштөрдүн ачылышы жаш адистерге өз аймагында иштеп, алган билимин колдонууга шарт түзөт.
“Мекениме кайтып келип, өз кесибим боюнча иштеп жатканыма кубанычтамын. Бул жерде иштөө шарттары жакшы, айлык акысы да канааттандырат”, – деди заводдун технологу.
Дагы бир облустагы инвестициянын негизги багыттары
Чет элдик капиталдын катышуусундагы ишканалар өлкөнүн башка аймактарында да иштеп жатат. Маселен, Чүй облусунда жалпысынан 44 компания чет элдик капитал менен иш алып барат.
Алардын негизги багыттары:
- курулуш материалдарын өндүрүү – 9 ишкана;
- тамак-аш өнөр жайы – 7 ишкана;
- тоо-кен тармагы – 3 ишкана;
- мунай жана энергетика – 3 ишкана;
- химия өнөр жайы – 4 ишкана;

- металлургия жана металл иштетүү – 4 ишкана;
- айыл чарба жана агроөнөр жай – 4 ишкана;
- жеңил өнөр жай – 4 ишкана;
- желим жана таңгактоо өндүрүшү – 2 ишкана;
- курулуш жана инженердик кызматтар – 2 ишкана;
- соода – 1 ишкана;
- тамеки өндүрүшү – 1 ишкана.
Бул көрсөткүчтөр чет элдик инвестициялардын бир гана кен тармагында эмес, өндүрүш, айыл чарба, курулуш жана башка тармактарда да орун алганын көрсөтөт.
Инвестор ишеним болгон жерге келет
Инвестиция маселесинде коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты Советбек Рустамбек уулунун айтымында, жерди чет өлкөлүк компанияларга ижарага берүү практикасы бүгүн эле пайда болгон эмес.

“Бул процесс Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы жылдары эле башталган. Бирок ошол учурда инвестор тартуу азыркыдай жеңил болгон эмес. Бүгүн кандай гана инвестор болбосун, өлкөгө келип ишкана ачса, бул экономика үчүн оң көрүнүш. Инвестиция жаңы капитал алып келет, пайдаланылбай жаткан жерлерди иштетүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди депутат.
Анын пикиринде, инвесторлорду тартуу үчүн өлкөдө туруктуулук, мыйзамдын үстөмдүгү жана ишенимдүү инвестициялык шарт болушу керек.
“Инвестор өзүнөн өзү эле келип калбайт. Аны тартуу үчүн чоң эмгек керек. Инвестор биринчи кезекте өлкөдөгү туруктуулукка, мыйзамдардын аткарылышына жана инвестициянын коопсуздугуна көңүл бурат. Өзбекстандын акыркы жылдары инвесторлорду ийгиликтүү тартып жатканы буга мисал”, – деди Советбек Рустамбек уулу.
Инвестиция – технология жана тажрыйба булагы
Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, ички жана тышкы инвестициялар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү фактор болуп саналат.
Анын белгилешинче, айрым тармактарда Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болсо, кээ бир багыттарда заманбап технология жана тажрыйба жетишсиз болушу мүмкүн.

“Жаңы технологияларды өздөштүрүү, заманбап өндүрүштү жолго коюу жана адистердин тажрыйбасын жогорулатуу үчүн чет элдик инвесторлор менен кызматташуу зарыл. Бирок бул кызматташтык мамлекеттин да, инвестордун да кызыкчылыгын эске алган ачык жана адилеттүү шарттарда жүргүзүлүшү керек”, – деди эксперт.
Ал Кыргызстанда буга чейин да чет өлкөлүк инвестициянын катышуусунда ири долбоорлор ишке ашып, өндүрүшкө жаңы технологиялар киргизилгенин белгиледи.
“Кумтөр сыяктуу ири долбоорлор мамлекет үчүн чоң тажрыйба болду. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү өнүгүүнүн алгачкы этабында чет элдик инвестицияны тартып, кийин өзүнүн өндүрүш базасын түзгөн. Кытай, Малайзия, Сингапур сыяктуу мамлекеттер да ушундай жолду басып өткөн”, – деди Искендер Шаршеев.
Ошол эле учурда эксперт инвестициялык долбоорлордо коомдук кызыкчылык, экологиялык коопсуздук жана мыйзам талаптары биринчи орунда турушу керектигин белгиледи.
“Инвесторлордон биз капитал менен гана чектелбестен, технологияны, башкаруу тажрыйбасын жана кадр даярдоо мүмкүнчүлүгүн да алышыбыз керек. Эгер келишимдер ачык жана улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен түзүлсө, мындай кызматташтык өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кызмат кылат”, – деп жыйынтыктады экономист.