Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик саясат капиталдын көлөмүн көбөйтүү менен гана чектелбестен, жумуш орундарын түзүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова "Кабар" агенттигине берген комментарийинде билдирди. Ал өз сөзүндө улуттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында миграциялык мыйзамдардын актуалдуу багыттарына токтолду.
Анын айтымында, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын негизги багыттарынын бири – өндүрүмдүү жумуш орундарын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

"Инвестиция – бул биринчи кезекте жумуш орундары, заманбап технологиялар жана аймактарды өнүктүрүү. Миграциялык саясат инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү адистердин келишин камсыз кылышы керек. Ошол эле учурда дайыма өлкө жарандарынын иш менен камсыз болушуна артыкчылык берилет", – деди Кадырназарова.
Ал негизги милдет – ар бир ири инвестициялык долбоор туруктуу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү менен калктын жашоо сапатын жогорулатышы керек экенин белгиледи.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлүнүн айтымында, чет өлкөлүк адистерди тартуу ата мекендик кадрларды алмаштыруу катары каралбайт. Алар негизинен жетишпеген адистик багыттардагы муктаждыктарды жабуу, долбоорлордун татаал этаптарын ишке ашыруу жана кыргызстандык адистерге билим менен технологияларды өткөрүп берүү үчүн тартылат.
"Чет өлкөлүк адистер, эреже катары, долбоорлоо, курулуш, жогорку технологиялык жабдууларды орнотуу, ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана жергиликтүү кызматкерлерди окутуу этаптарында тартылат. Бул этаптар аяктагандан кийин ишканалардагы кызматкерлердин негизги бөлүгүн Кыргызстандын жарандары түзөт", – деп билдирди ал.

Назгүл Кадырназарова Кыргызстандын "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамынын 27-беренесинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн тартиби аныкталганын белгиледи. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу мыйзам талаптарына ылайык миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттардын негизинде жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда эмгек миграциясын жөнгө салууда ички эмгек рыногун коргоо артыкчылыктуу мааниге ээ.
Агенттиктин өкүлү инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугу тууралуу сөз кылып жатып учурда салынган каражаттардын көлөмү гана эмес, ошондой эле туруктуу жумуш орундардын саны, эмгек акынын деңгээли, кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү, аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, экологиялык жоопкерчилик жана салыктык төлөмдөр сыяктуу көрсөткүчтөр да бааланып жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал учурда инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо боюнча усулдук негиздер иштелип жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, Кыргызстандын "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамы жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө шарттарды камсыздап, инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдиктерин, ата мекендик жана чет өлкөлүк катышуучулар үчүн бирдей шарттарды бекитет. Ошондой эле мыйзам өлкөнүн туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө багытталган.
Улуттук инвестиция агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн эң чоң мүмкүнчүлүккө ээ тармактардын катарына өнөр жай, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, энергетика, туризм, логистика, курулуш, санариптик экономика жана чийки затты кайра иштетүү багыты менен тоо-кен тармагы кирет.

Өзгөчө көңүл жогорку кошумча наркты түзгөн, узак мөөнөттүү жумуш менен камсыз кылууну жана калктын кирешесинин туруктуу өсүшүн камсыздай алган долбоорлорго бурулууда.
Ошондой эле Назгүл Кадырназарова Кыргызстандын "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышы инновациялык экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи.
"Эгерде салттуу инвестициялар негизинен ишканаларды курууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталса, венчурдук каржылоо идеяларга, технологияларга жана адамдарга инвестиция салат. Бул өзгөчө жаштар, стартаптар жана IT тармагы үчүн маанилүү", – деди ал.
Анын айтымында, жаңы мыйзам венчурдук фонддорду түзүүгө, инновациялык долбоорлорго жеке капиталды тартууга жана илимий иштелмелерди коммерциялаштырууга укуктук шарттарды түзөт.
Улуттук инвестиция агенттиги өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдары инвестициялар үчүн ачыктыкты сактоо менен бирге улуттук эмгек рыногун коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздай турганын белгиледи.
"Чет өлкөлүк адистерди тартуу ата мекендик кызматкерлерди алмаштыруу эмес, керектүү тажрыйба менен билим алууга, заманбап өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жана технологияларды кыргызстандык адистерге өткөрүп берүүгө багытталган курал болуп саналат. Мындай ыкма өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Назгүл Кадырназарова.