Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Инвестиция боюнча жаңы мыйзамды кабыл алуудагы негизги максатыбыз өлкөдө инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү. Бул тууралуу Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, учурдагы мыйзамдан жаңы мыйзам долбоорунун артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлорду алып чыгууга мүмкүнчүлүк берүү.
“Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз деңгээлинде инвестициялык долбоорлорду инвестициялык келишим аркылуу ишке ашырса болот. Ошол эле учурда кошумча инвестициялык келишимге да басым жасап жатабыз анткени, инвестор менен мамлекеттик органдардын ортосунда инвестициялык келишим түзүп, ал сапаттуу болуусу үчүн элет жерлерин да камтып кеттик. Бизди кубанткан нерсе учурда ишкерлер активдүү иштеп, акыркы 5 жылдын ичинде өз тажрыйбаларын жогорулатып жатышат”,- деди Бикулов.
Аталган улуттук агенттиктин өкүлү мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрдүн пикирлерин, жарандык коомдун, ишкерлердин кызыкчылыктарын, эл аралык тажрыйбаны эске алып жаңы инвестиция боюнча мыйзам долбоорун киригизишкендигин маалымдады.
“Бул мыйзам долбоору заманбап, ишкерлер үчүн ыңгайлуу. Учурга чейинки мыйзам да жакшы бирок, өлкөдө көп экономикалык өзгөрүүлөр болуп жаткандыктан, заманбап өзгөрүүлөрдү эске алып, жаңы мыйзам долбоору даярдалды. Жогорку Кеңештен биринчи угуудан өттү, экинчи угууга да киргизилип, жакын арада мыйзам ишке кирип калат деген ниеттебиз”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, учурда инвестиция боюнча мыйзам Жогорку Кеңешке киргизилип, талкууланып жатат. Бул документ Кыргызстанга улуттук жана чет элдик инвестицияларды тартуу жана коргоо маселесин жөнгө салуу максатын көздөйт. Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусу, аймактарда долбоорлорду ишке ашыруу, салык жана бажы жеңилдиктерин берүү, ошондой эле инвестициялык сунуштарды кароонун тартиби тууралуу маселелер көтөрүлгөн.