Ноокатта 260 млн долларлык ири технопарк: Жылына 100 миң тонна жер семирткич чыгарылат

Аймак 23 Январь 2026 15:24
619568565_122199116990368081_6304068651709452174_n.jpg
619596486_122199116960368081_3876528161523355476_n.jpg
619902416_122199117098368081_6934310038596073738_n.jpg
620159404_122199117110368081_2480743918628634077_n.jpg
621186984_122199117026368081_3121842772084631520_n.jpg
621424940_122199117008368081_3240439658829261001_n.jpg
621701527_122199117086368081_4871280183280452608_n.jpg
622048564_122199117074368081_1535022250844684440_n (1).jpg
622048564_122199117074368081_1535022250844684440_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор "Органикалык жер семирткичтердин технопаркы" деп аталып, курулуш иштери 4 этап менен жүргүзүлөт. Учурда биринчи этаптын курулушу 50 пайызга жакындап, завод курула турган аянтка электр линиялары тартылып, трансформатор орнотулуп жана инвесторлор тарабынан жабдууларды орнотууга шарт түзгөн атайын имарат салынган.

Кытай инвесторлору тарабынан 15 млн долларлык жабдуулар орнотулуп бүтүп калды. Өндүрүштү 2025-жылы ишке киргизүү пландалган, бирок айрым себептерден улам курулуш жумуштары созулуп кеткен.

Бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев инвесторлордун өкүлүнөн курулуш иштери боюнча кенен маалымат алып, жаралган маселелерди талкуулады.

Белгилей кетсек, заводдун биринчи этабы ишке кирсе, жылына 100 миң тонна органикалык жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана жаңы жумуш орундар пайда болот.

Заводдун жалпы долбоордук наркы — 260 млн доллар.