«Номад» триосу "Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагында Кыргызстандын намысын коргойт

Маданият 24 Апрель 2025 10:30
493683406_981066137518476_3614404554963532381_n (1).jpg
492857466_981064557518634_152273986050395998_n.jpg
491812122_981065017518588_2797204322275161931_n.jpg
491847433_981064984185258_6625831253570650365_n.jpg
492839463_981064954185261_5311421653717076998_n.jpg
493315225_981064317518658_5273119433824788106_n.jpg
492789577_981064780851945_6026052621457194192_n.jpg
491848848_981064197518670_8330978827042705697_n.jpg
493534394_981064514185305_6160164256049405684_n.jpg
492299205_981064237518666_5557470242366718979_n.jpg
493292157_981064320851991_7512257008203215041_n.jpg
492918819_981064454185311_8267381741163670157_n.jpg
492570303_981064280851995_3010806108984029153_n.jpg
492573396_981064254185331_4536256628963560201_n.jpg
493311513_981064490851974_3409357347406895842_n.jpg
492029756_981066134185143_7000282771305753699_n.jpg
492244276_981064537518636_7483110571050704138_n.jpg
492003452_981065077518582_1114431692154408681_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына улуттук тандоо туру болуп өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында “Номад” триосу жеңүүчү деп табылды. Трионун курамында Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар.

Улуттук тандоо туру концерттик шоу форматында өтүп, ага 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөттү.

Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын белгилүү артисттеринен жана музыка чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн турган калыстар тобу аныктады. Калыстар тобунун төрагасы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков болду.

Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аткаруучу” аттуу атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосу менен Урмат Токомбаев аталган номинациянын жеңүүчүсү болуп, 150 000 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды.

Улуттук тандоо турунун жеңүүчүлөрү - “Номад” триосу — Кыргызстандын атынан Россияда өтө турган “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагында өлкө намысын коргойт.

Маалымат үчүн: “Интервидение – Золотой ключ” эл аралык музыкалык сынагы алгачкы жолу 1965-жылы Чехословакияда өткөрүлгөн. Ал эми 1977-жылдан тартып, “Интервидение” деген аталыш менен Польшадагы Сопот шаарында жыл сайын өткөрүлүп келген. 2008-жылы Сочи шаарында “Беш жылдыз. Интервидение” деген аталыш менен өткөн. 2025-жылы бул фестивалдын жаңы баскычы башталып, эл аралык аренада Кыргызстандын үнү жаңырат.