Интернет-трафиктин өсүшү инфраструктураны өнүктүрүүнү талап кылат - министрлик

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 16:52
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Өлкөдө интернет-трафиктин көлөмү тынымсыз өсүүдө, бул тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүнү талап кылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги "ЭлКат" ЖЧКсына шилтеме берип билдирди.

Буга чейин колдонуучулар интернет ылдамдыгынын жайлашына нааразычылыгын айтышкан.

Министрликтин маалыматына караганда, "ЭлКат" байланыш оператору тармактарды модернизациялоо жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу иштерин туруктуу жүргүзүп келет. Бул байланыштын туруктуу сапатын камсыздап, абоненттердин муктаждыктарынын андан ары өсүшүнө даярдыкты көрсөтөт.

"Жалпысынан интернет ылдамдыгында системалык көйгөйлөр жок, бирок айрым учурларда локалдык кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Компания аларды жоюу боюнча жергиликтүү байланыш операторлору менен биргеликте иш алып барууда. Ошондой эле интернет сапатына колдонуучулардын жабдыктарынын техникалык абалы да таасир этиши мүмкүн: эски роутерлер, компьютерлердин же мобилдик түзүлүштөрдүн бузулушу. Бул фактор абоненттердин кайрылууларын талдоодо эске алынат жана жоопкерчиликти колдонуучуларга оодарбайт.

Мисалы, жакында "Менин жарыгым" тиркемесиндеги көйгөйдү колдонуучулар интернет менен байланыштырышкан, бирок кийинчерээк маселе тармактык инфраструктурада эмес, тиркеменин өзү туура эмес иштегенинен улам келип чыкканы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.