Интергельпо көчөсү убактылуу бир тараптуу болот. Себеби

Коом 13 август 2025 12:28
Интергельпо көчөсү убактылуу бир тараптуу болот. Себеби
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 13-августтан тарта Интергельпо көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кыймыл убактылуу бир тараптуу уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим Дэн Сяопин проспектисин реабилитациялоого байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатын көздөйт.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана мүмкүн болсо жеке унаалардын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.