Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Жол эрежесин 169 жолу бузуп, айып пул төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол инспекторлору "ВАЗ 21074" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерген учурда айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн "Коопсуз өлкө" боюнча коюлган камераларга түшүп, бирок айып пул төлөбөй жүргөнү аныкталган.
Натыйжада унаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлдү.