Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай компаниясы менен кызматташтык кеңеет

Экономика Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 18:45
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.09.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.13.09.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык- инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш жана инфраструктура тармагында заманбап технологияларга жана эл аралык тажрыйбага ээ болгон ири компанияларды тартуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди. Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвесторлорго зарыл колдоо көрсөтүүнү жана келечектүү демилгелерди комплекстүү коштоону улантары айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестицияларды тартууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.