Индиянын жээгинде кеме чөгүп, 22 адам дайынсыз болууда

Дүйнө 24 Август 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-08-24 at 08.47.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Индиянын чыгыш жээгинде жүк ташуучу кеме чөгүп, анын бортунда бараткан 22 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.

Панаманын желеги астындагы кеме Индиянын Парадип портунан болжол менен 240 деңиз мили алыстыкта кырсыкка учураган. Кемеде жалпысынан 24 экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен Кытайдын эки жараны куткарылды.

Куткарылган деңизчилердин айтымында, кеме катуу кыйшайып, болжол менен сегиз мүнөттүн ичинде толугу менен чөгүп кеткен.

Учурда Индиянын Жээк күзөт кызматы жана Аскер-деңиз күчтөрү кырсык болгон аймакка бир нече кемени жөнөтүп, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Операцияга башка мамлекеттик кызматтар да тартылган.

Дайынсыз болгондордун арасында 18 кытай, үч Мьянма жана бир Бангладеш жараны бар.

Алдын ала маалымат боюнча, кеме темир рудасын Кытайга ташып бара жаткан. Ал жума күнү Парадип портунан чыгып, ачык деңизде кырсыкка кабылган.

Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Индиянын деңиз коопсуздугу боюнча өкүлдөрү белгилегендей, адатта кырсыктан кийинки алгачкы 12 сааттан кийин аман калгандарды табуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Ага карабастан, издөө-куткаруу иштери уланууда.