Кыргызстанга Индиянын премьер-министри келди — Кабар

Кыргызстанга Индиянын премьер-министри келди

Саясат 30 август 2026 22:26
IMG_6674.jpeg
IMG_6675.jpeg
IMG_6676.jpeg
IMG_6677.jpeg
IMG_6678.jpeg
IMG_6679.jpeg
IMG_6680.jpeg
IMG_6681.jpeg
IMG_6682.jpeg
IMG_6683.jpeg
IMG_6684.jpeg
IMG_6685.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6674.jpeg
IMG_6675.jpeg
IMG_6676.jpeg
IMG_6677.jpeg
IMG_6678.jpeg
IMG_6679.jpeg
IMG_6680.jpeg
IMG_6681.jpeg
IMG_6682.jpeg
IMG_6683.jpeg
IMG_6684.jpeg
IMG_6685.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Премьер-министр Нарендра Моди ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Индиянын премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.