Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Индиянын Химачал-Прадеш штатында болгон катуу селден 30дан ашык адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу БелТА маалымдады.
Маалыматка караганда, өткөн жумада аталган аймакта катуу жамгыр жааган. Катуу жамгыр 23 жолу суу ташкынына жана 16 жер көчкүгө алып келген. Жүздөгөн үйлөрдү, дүкөндөрдү, көпүрөлөрдү сел алып кеткен. Селдин кесепетинен өлкөдө 240 жол жабылган.
Учурда издөө-куткаруу операциясына табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча улуттук күчтөрдүн, Индиянын армиясынын жана үй гвардиясынын 250дөй кызматкери катышууда.
Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 20-июндан бери жааган жамгырдан улам Индиянын Химачал-Прадеш штатында кеминде 80 адам каза болгонун билдирген.
Синоптиктер нөшөрлөгөн жаан-чачындын улана турганын айтышууда.
Эксперттердин айтымында, Индиянын Химачал-Прадеш сыяктуу тоолуу штаттарында муссон мезгилиндеги суу ташкындары көп кездешет.
Алардын кесепеттери токойлордун кыйылышы менен күчөйт.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу муссондор дагы күчөп, узакка созулуп, кыска убакыттын ичинде жаан-чачын көп болот.