БШК өкүлдөрү Индияда Кыргызстандын шайлоодогу санариптик технологиясын көрсөтүштү

Шайлоо 14198 24 Январь 2026 14:07
616846659_1302646331905356_6329528700308608623_n.jpg
616403821_1302646401905349_989424875701040713_n.jpg
Алдыга
Артка
616846659_1302646331905356_6329528700308608623_n.jpg
616403821_1302646401905349_989424875701040713_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Индияда демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Индиянын Шайлоо комиссиясы (ECI), Индиянын Демократия жана шайлоону башкаруу боюнча эл аралык институту (IIIDEM) International IDEA менен биргеликте уюштурду.

Конференция International IDEA уюмуна мүчө мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилерин чогултуп, шайлоону административдик жактан уюштуруудагы заманбап чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, тажрыйба жана алдыңкы практикаларды алмашуу максатын көздөгөн.

Программанын алкагында БШКнын өкүлдөрү шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилеринин жабык пленардык сессиясына катышып, анда International IDEA уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Иш-чаранын катышуучулары шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык ыкмалар менен бөлүштү. У.Жылкыбаев шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу темасында презентация жасады.