Индияда көп кабаттуу имарат урап, 11 адам каза болду

Дүйнө 1862 21 Апрель 2025 16:26
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 13.05.49 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Индиянын борбору Нью-Дели шаарында көп кабаттуу имарат урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, дагы 5 адам оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.

“Мустафабад районунда бийик имарат урап, бир нече киши урандылардын астында калган. Куткаруучулар урандылардын астынан каза болгон он бир адамды алып чыгышты”,- деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына көп кабаттуу имаратты курууда техникалык коопсуздук нормалары сакталбагандыгы себеп болууда.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага 60тан ашык адам катышууда.