Индия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиле стратегиялык өнөктөштүккө айланды – элчи

Тышкы саясат Загрузка... 18 Март 2025 10:29
WhatsApp Image 2025-03-18 at 10.10.00.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Тарыхый жана цивилизациялык байланыштар менен бекемделген Индия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге, урматтоого жана түшүнүшүүгө негизделген достук мамиле стратегиялык өнөктөштүккө айланды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав билдирди.

Анын айтымында, Индия-Борбордук Азия саммити сыяктуу көп тараптуу уюмдардын жана аймактык демилгелердин алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгы жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүгө жетти.

“Кыргызстан менен Индия глобалдык жана аймактык маселелер боюнча окшош көз караштарды көздөшөт жана ошондой эле регионалдык, көп тараптуу форумдарда өзгөчө БУУнун алкагында тыкыс кызматташат. Биз саясий, экономикалык, соода, коргонуу жана коопсуздук, маданият сыяктуу көп тармактарда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын тиешелүү органдары жана бардык кызыкдар тараптар менен бирге иштешебиз. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда да эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды”,- деди Бирендер Сингх Ядав.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алуусу эки өлкөнүн ортосундагы бекем байланышты чагылдырган достук маанайда өткөнүн элчи кошумчалады.

Эске салсак, кечээ президент Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Бирендер Сингх Ядавдын жана башка бир катар өлкөлөрдүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алган.