Индия Лейлектеги оорукананы жакшыртууга 126 млн сом грант берет

Экономика 17 ноябрь 2025 17:05
585198926_1379263710233747_7140556959381615761_n.jpg
585209422_1379263716900413_4942042614448706959_n.jpg
582329806_1379263713567080_1972685389424239853_n.jpg
585120273_1379263766900408_8687865643664479966_n.jpg
585191905_1379263776900407_4480768911819174478_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында "Баткен облусунун Лейлек районундагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун техникалык базасын түзүү жана инфраструктурасын жакшыртуу" долбоору боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав жана президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.

Аталган долбоорду Индия каржылайт, гранттык долбоордун суммасы 126 млн сомду түзөт.

Мындан сырткары, тараптар, Баткен облусунун аймагында дарылык каситке ээ болгон баалуу ферула өсүмдүгүн өстүрүү жана кайра иштетүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.