Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Индия 5 жылдык тыныгуудан кийин Кытай менен түз каттамдарды кайра жандандырды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, күн мурун IndiGo компаниясынын 176 жүргүнчүсү бар биринчи каттамы Калькуттадагы Нетажи Субхаш Чандра Босе эл аралык аэропортунан учуп чыгып, Кытайдын түштүгүндөгү Гуанчжоуга конгон.
Аталган компаниянын башкы директору Питер Элберс мурда түз аба каттамдарын кайра жандандыруу саякаттоону жөнөкөйлөтүп, сооданы жакшыртып, өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдей турганын белгилеген.
Индия менен Кытайдын ортосундагы түз каттамдар 2020-жылдын башына чейин иштеген, андан кийин COVID-19 пандемиясынан улам токтотулган.