Импорттон толук баш тарта албайбыз, бирок импортту алмаштырууну күчөтүүдөбүз – Амангелдиев

Экономика Загрузка... 09 Сентябрь 2025 17:35
2737941.4cf28d6b1e6f306110d89e92190cc1e6.jpg
copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Биз импорттон толук баш тарта албайбыз, бирок импортту алмаштырууга аракет кылууну пландап жатабыз. Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, дары-дармек менен камсыздоо коопсуздугу.

"Бүгүнкү күндө биз кайра иштетүү өнөр жайынын, дары-дармек өндүрүшүнүн, күйүүчү-майлоочу майлардын ата мекендик өндүрүшүндө өсүштү көрүп жатабыз – булардын баары импортту алмаштырууга багытталган иш-чаралар. Импортту алмаштыруу программаларынын алкагында биз жеңилдетилген каржылоону карап жатабыз. Импортту 100% алмаштыра албайбыз, бирок стратегиялык мааниге ээ багыттар боюнча иштер жүрүп жатат.

Айрыкча, элди жумуртка жана тоок эти менен камсыздоо маселесин белгилеп кетким келет. Эки жыл мурун бул багытта өз өндүрүшүбүз 20%ды түзчү, бүгүнкү күндө жумуртка боюнча 110%га жетиштик, ал эми тоок эти боюнча 100% камсыздап калдык. Мындан тышкары күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча чоң программа ишке ашырылууда. Учурда эки ири нефтини кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Ошентип, биз импорттук күйүүчү-майлоочу майларга болгон көз карандылыкты азайтабыз», - деди ал.